ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОРДУН ТАРЫХЫЙ МААНИСИ

(Кыргызстан жана Түркия мисалында)

Authors

  • Анарбекова Венера Эркинбековна

Keywords:

Кошок, кыргыз, түрк, социалдык функция

Abstract

Ар бир коомдо өлүм сыяктуу маанилүү коомдук окуялардын арасында ар кандай ырым- жырымдар бар. Түрк элдеринин мындай ырым-жырымдарынын сап башында “кошок, кошук” турат. Кошоктор өлүмгө карата сый жана урмат катары, каада-салт жана үрп-адаттарга ылайык муңдуу үн менен коштолот.VI-VII кылымдардан калган, мүрзөлөрдүн башына коюлган эстеликтердин, балбал таштардын бетиндеги жазууларды Орхон-Энесай жазуулары деп билебиз. Бул эстеликтердеги жазуулар маданиятыбыздагы кошок кошуу салтынын алгачкы конкреттүү мисалы болуп эсептелет. Азыркы күндө да эстеликтерге курман болгон адам тууралуу жазылган маалыматтар, ага арналган ырлар аталган салттык көрүнүш катары кабыл алынат. Бирок бул каада-салтты түрк маданияты жагынан алып караганда социалдык мааниси чоң. Себеби бул каада-салттар түрк коомчулугунун ынтымагын бекемдеген ырым- жырымдар болуп эсептелишет.

Аталган эмгегибизде түрк дүйнөсүндөгү “кошок, кошук” сөзүнүн этимологиясына көз чаптырып, андан кийин кошокторго болгон көз-караш фольклордук жактан бааланып, кошокторду түзгөн мотивдерге токтолуп өттүк. Ошондой эле, кошоктордун түрк элдериндеги коомдук функциясы жөнүндө да сөз салдык. Андан кийин кыргыздардын жана түрктөрдүн жаназалары, жаназалардагы аял жана эркектин орду менен каерде, кандай максатта, кандай түрдө жана ким тарабынан кошок кошулганын салыштырмалуу мисалдар менен ачып көрсөттүк.

References

1. Акматалиев, Егембердиева, 1998 – Акматалиев А., Егембердиева С. Кошоктор. “Эл адабияты” сериясы. 21 том. Б.: 1998 (китепти которуу керек созсуз).

2. Жумагулов, 1982 – Жумагулов Ч. Орхон-Енисей текстери. Ф.: Илим, 1982.

3.Кыргыз. мамбас 1959 – Кыргыз.мамбас. Манас. Эпос. 1-часть. 2-книга. Ф.: 1959.

4.АТМ 1 – Автордун талаа материалдары, П. Алдосова, Сузак району, Жалал-Абад областы, 2009.

5.АТМ 1 – Автордун талаа материалдары, С.Нарбаева, Аксы району, Жалал-Абад областы, 2003.

6.АТМ 1 – Автордун талаа материалдары, А.Хасанова, Аксы району, Жалал-Абад областы, 2003.

Downloads

Published

2024-11-09

How to Cite

Венера Эркинбековна , А. (2024). ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОРДУН ТАРЫХЫЙ МААНИСИ: (Кыргызстан жана Түркия мисалында). Өзбекстан Республикасы Илимлер Академиясы Қарақалпақстан бөлиминиң ХАБАРШЫСЫ, 1(3), 185–190. Retrieved from https://academicsbook.com/index.php/FAA/article/view/535